Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абад—Кочкор-Ата унаа жолу жамалууда

Turmush -  Жалал-Абад—Кочкор-Ата унаа жолунун оюлуп, аң болгон бөлүктөрү жамалууда. Жолдун жамак иштерин Жалал-Абаддагы №22 ДЭП ишканасы жүргүзүүдө. Бул тууралуу 6-майда Жалал-Абад областтык бийлигинин регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

Ал эми Бишкек-Ош жолуна караштуу Жалал-Абад - Маданият багытындагы бөлүгүн оңдоо иштери ушул жылдын август айында башталуусу мүмкүн. Ал үчүн ЕвроАзия банкы 72 миллион каражат бөлүүдө.

Анын айтымында, жолду оңдоо боюнча атайын тендер уюштурулду. Буга чейин Жалал-Абад-Маданият жолунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы бөлүктөрү ар кайсы жеринен тешилип, оюлуп, уңкул-чуңкул болуп, автоунаа жүрүүгө жараксыз болуп баратканы тууралуу жүргүнчүлөр менен айдоочулар көп жолу билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 768
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:12,   22.04.2018   ( 2 адам окуп жатат)
×