Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Кочкор-Атада ички иштер кызматкерлери ортосунда кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында милициянын подполковниги, маркум Абдукалил Исмаиловдун жаркын элесине арналып Жалал-Абад ОИИБ тарабынан 14-июнда кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун тургуну, милициянын подполковниги, маркум Абдукалил Исмаилов 1992-жылдан тарта Кочкор-Ата шаардык ички иштер бөлүмүндө эгектенип келген. Ал 2013-жылы 50 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Мелдешке облустун район шаарларынын ички иштер кызматкерлери катышып, жалпысынан 12 команда күч сынашты.

Жыйынтыгында 1-орунду кубок жана 15 000 сом байгени Таш-Көмүр ШИИБи, 2-орунду Жалал-Абад ШИИБи (10 000 сом), 3-орунду Жалал-Абад ОИИБи (8000 сомго) ээ болушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2319
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×