Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кочкор-Атада жарандык актыларды каттоо бөлүмү жоктугунан бул бөлүмдүн кызматкерлеринин ишин мэриянын аппарат жетекчиси аткарууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жарандык актыларды каттоо бөлүмү жоктугунан аталган бөлүмдүн кызматкерлеринин ишин Кочкор-Ата шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси аткарып жатат.

Кочкор-Ата шаарынын мэри Кубанычбек Эгембердиев маалымдагандай, жаңыдан баш кошуучу жубайларга нике күбөлүктү, балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктү шаардын аппарат жетекчиси берип жатат.

«Ансыз да бизде иш кагаздар көп. Өкмөттүн, өлкө башчынын токтомдору келет, өкүлдүн акимдин буйруктары келет, аларды кароо зарыл. Жарандык абалды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери аткара турган жумушту биздин аппарат жетекчиси аткарат», - деп белгилейт шаар мэри.

Шаарда 30 миңден ашуун калк бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 688
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×