Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 25.08.2015 18:48

Пенсионерлердин акчасын уурдап, качып кеткен «Росинбанктын» экс-кызматкери А.Мырзакматов Россиядан кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан «Росинбанктын» филиалынын мурдагы бөлүм башчысы, эл аралык издөөдө жүргөн Акмат Мырзакматов Россия Федерациясынын Санк-Петербург шаарынан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

А 1

Маалыматка ылайык, учурда кармалган жаранды Кыргызстанга алып келүү чаралары көрүлүүдө. Ал буга чейин пенсионерлердин банкка салган акчасын уурдап, качып кеткен.

Аталган банктын мурунку бөлүм башчысы кардарлардын аманат акчасын өз кызыкчылыгына колдонуп, жалпысынан 1 млн 870 миң сомду уурдагандыгы аныкталган.

А.Мырзакматовдун амалынан 10дон ашуун алданган жарандар милицияга арызданган. Кылмышка шектүү адамдын жоктугуна байланыштуу карылардын аманат акчасы кайтарылбай, кылмыш иши убактылуу токтоп турган.

Жалал-Абад облустук ички иштер кызматкерлери тарабынан А.Мырзакматовго 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 171-берене («Ыйгарылган мүлктү ээлеп алуу»), 350-берене («Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.

Ушул жылдын июль айында Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөөчүлөрү Россия Федерациясына издөө үчүн атайын жөнөп кетип, А.Мырзакматовду Россия Федерациясынын Санк-Петербург шаарынан кармашты.

А.Мырзакматов 2010-жылдан тарта 2014-жылдын жай айларына чейин «Росинбанктын» Кочкор-Ата шаарындагы филиалында бөлүм башчы болуп иштеген учурда жогорудагыдай мыйзамсыз иштерди жасаган.

Тема боюнча: Кочкор-Ата шаарындагы «Росинбанктын» филиалынын мурунку кызматкери жарандардын аманаттагы жарым млн жакын акчасын ээлеп алган

Ноокен районунун Момбеков айылынын тургуну М.Айдаров ажыга баруу үчүн 2 жыл топтоп, банкка салган акчасы дайынсыз болууда

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×