Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 09.09.2015 18:14

Кочкор-Ата шаарында бир нече социалдык объектилер оңдолууда

Turmush -  Кочкор-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында бир нече социалдык объектилерди оңдоо долбоорлору ишке ашууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын катарында Н.Исанов атындагы жатак мектеп-гимназиясынын айланасын темир тосмолор менен тосуу, 8-март, Юдахин, Адышов, Тоголок Молдо жана Семетей көчөлөрүнүн тиешелүү 1435 метр болгон жолду автогрейдер менен сүрдүрүү, шаардын көчөлөрүнө шагыл төгүү, №16, №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын айланасын оңдоп-түзөө иштери бар.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында бир нече көчөлөргө жарык берүүчү жабдууларды орнотуу, И.Губкин атындагы №14 орто мектептин, Бек уулу Семетей атындагы №15 орто мектептин жана Ч.Айтматов атындагы №28 орто мектептин имараттарын оңдоп-түзөө, карыялар үйүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×