Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кочкор-Атадагы жакырчылыктын деңгээли 6,88%га азайды

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 6,88%га азайды. Мындай маалыматты бүгүн, 10-сентябрда Кочкор-Ата шаардык мэриясынан маалымдашты.

Берилген маалыматка ылайык, шаарда 4 миң 315 кожолукта 17 миң 58 калк жашайт. Быйылкы жылы өтө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 297ни түзсө, орто жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 200гө жетти. Ал эми жакырлардын тизмесинде 210 үй-бүлө турат.

Өткөн жылы өтө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 398ди түзсө, орто жакыр жашагандар 17, жакыр жашагандар 232 үй-бүлөгө жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1423
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×