Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 08.10.2015 16:24

Кочкор-Атада колледждин жетекчилиги 13 бүтүрүүчүнүн дипломун бербей, акча талап кылууда

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында колледждин 13 бүтүрүүчүсү окууну аяктагандыгы боюнча диплом ала албай келишет. Бул тууралуу алар Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Алардын айтымында, колледждин жетекчилиги алардан 5 миң сомдон талап кылууда.

«Биздин дипломдор 28-августта эле даяр болуптур. Бирок, колледж директору жана ал жерде иштеген мугалимдер дипломду бербей, акча талап кылышууда. Айрым студенттер 2 миң сомдон берип, алып кетишкен. Колледждин жетекчилиги «хирургия» сабагынан «2» деген баа алгансыңар деген жүйөгө таянып, студенттердин дипломдорун бербей келүүдө. Окууну аяктагандар ишке орношо албай кыйналышууда», - деп билдиришти алар.

Колледждин жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×