Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 08.10.2015 16:44

Кочкор-Атада премьер-министрдин катышуусунда 180 орундуу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында 180 орунга ылайыкташкан «Колокольчик» бала бакчасы ачылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бала бакчанын ачылыш аземине премьер-министр Темир Сариев, билим берүү жана илим министри Элвира Сариева, өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева жана башка бийлик өкүлдөрү катышты.

Бакчанын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 25 млн сом жумшалган. Аталган бала бакча «Кыргызнефтегаз» ААКга таандык. Бала бакчада аталган компанияда иштеген кызматкерлердин балдары тарбияланышат.

Анын ачылыш аземинде маалым болгондой, буга чейин аталган компанияга таандык 2 бала бакча иштеп келген. Суроо-талап көп болгондуктан дагы кошумча бала бакча ачуу зарылчылыгы келип чыккан. Буга чейинки бала бакчалар 530 орунга ылайыкташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×