Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Атада премьер-министрдин катышуусунда Республикалык VII спартакиада расмий ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 8-октябрда Кочкор-Ата шаарында премьер-министр Т.Сариевдин катышуусунда Республикалык VII спартакиаданын расмий ачылышы болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул спартакиадада спорттун 13 түрү боюнча мелдеш өтөт. Анын алкагында Токтогулда оор атлетика, Майлуу-Суу шаарында баскетбол, Кочкор-Ата шаарында жеңил атлетика, футбол, Жалал-Абад шаарында бокс, волейбол, стол үстүндө теннис, шахмат, грек рим, эркин күрөш, аялдар арасында күрөш, самбо, дзюдо боюнча мелдештер өтөт.

Спартакиаданы өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен жалпы 15 млн сом каражат бөлүнгөн.

Спартакиада 14-октябрга чейин уланат. Ага 1700гө жакын спортчу катышууда, анын ичинен 160ын калыстар, машыктыруучулар түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5092
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×