Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 09.10.2015 15:51

Фоторепортаж - Жалал-Абаддагы Республикалык VII спартакиадага 1700гө жакын спортчу чогулду

Turmush -  Кечээ, 8-октябрда Кочкор-Ата шаарында Республикалык VII спартакиаданын салтанаттуу ачылыш аземинде өкмөт башчы Темир Сариев куттуктоо сөзүн сүйлөп, спортчуларга ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шейшенкул Бакировго Республикалык VII спартакиаданын байге фондусун түзгөн 1 млн сомдун сертификатын тапшырды.

Спартакиаданын башкы калысы Канатбек Арпачиевдин берген маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунда экинчи ирет өткөрүлүп жаткан Республикалык улуттук VII спартакиадага Кыргызстандын 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан топтолгон 1700гө жакын спортчу, анын ичинен 158 калыс катышып жатат. Ар бир облустан келген курама командада 165 спортчу жана машыктыруучу бар. Курама командалар спорттун 13 түрү боюнча таймаштарды өткөрүшүп, командалык биринчилик үчүн күч сынашат.

«Аталган спартакиаданы өткөрүү үчүн өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан 15 млн сом бөлүнгөн. Анын 10 млн сому спортчулардын жатаканасы үчүн сарпталып жатат.

Жыйынтыгында 1-орунга чыккан курама команда 500 миң сом, 2-орунга чыкканы 300 миң сом жана 3-орунга ээ болгон команда 200 миң сом акчалай сыйлык менен жана алдыңкы орунга чыккан спортчулар алтын, күмүш, коло медалдар менен сыйланат», - дейт К.Арпачиев.

Мындан сырткары, өкмөт башчы Т.Сариев Республикалык улуттук VII спартакиаданы өткөрүп жаткан Жалал-Абад облусунун жетекчиси Ж.Эгембердиевага 5 спорттук матаны тапшырды. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×