Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 10.10.2015 10:13

Кочкор-Атадагы колледждин айрым бүтүрүүчүлөрүнө окууга болгон төлөмдү толук төлөбөгөндүгүнө байланыштуу диплом бериле элек, - Билим министрлиги

Turmush -  Кочкор-Ата шаарындагы колледждин айрым бүтүрүүчүлөрүнө окууга болгон төлөмдү толугу менен төлөй электигине байланыштуу диплом бериле элек. Билим берүү жана илим министрлиги колледждин администрациясына шилтеме берүү менен билдиргендей, учурда келишимдик негизде аяктаган 5 бүтүрүүчүгө диплом бериле элек.

Мурдараак маалымдалгандай, Кочкор-Ата шаарындагы колледждин жетекчилиги 5 миң сомдон талап кылып, дипломдорун бербей жаткандыгын бүтүрүүчүлөр айтып чыккан.

«Биздин дипломдор 28-августта эле даяр болуптур. Бирок, колледждин директору менен ал жерде иштеген мугалимдер дипломду бербей, акча талап кылышууда. Айрым студенттер 2 миң сомдон берип, дипломдорун алып кетишкен. Колледждин жетекчилиги хирургия сабагынан «2» деген баа алгансыңар деген шылтоо менен студенттердин дипломдорун бербей келүүдө. Окууну аяктагандар жумушка  орношо албай кыйналууда», - дешет бүтүрүүчүлөр.

Колледждин жетекчилиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×