Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кочкор-Ата шаарчасында иштебей турган эски бала бакча оңдолууда

Turmush -  Кочкор-Ата шаарчасында иштебей турган эски «Колокольчик» аттуу балдар бакчасы кайра калыбына келтирилүүдө. Ага кошумча курулуш салынууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Нурийла Бекжигитова билдирди.

Анын айтымында, бакчанын реконструкциясы шаарчадагы «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун эсебинен жүргүзүлүүдө.

Бул бакча 35 орунга ылайыкташтырылып курулууда. Бакчага балдар анын оңдоп-түзөө иштери сапаттуу жасалып бүткөндөн кийин кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1588
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×