Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Атадагы 7-спартакиаданын катышуучулары коңуздар менен жашап жаткандыгы жалган, - Облустук спорт башкармалыгы

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында Республикалык 7-спартакиадага келген спортчулар жайгашкан үйдө коңуздар жүрөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Абдыжапар Тагаев билдирди.

Анын айтымында, жатаканага жайгаштыруудан мурун атайын комиссия келип, спортчулар жайгаша турган жайларды көрүп кетишкен.

Негизи жатаканага жайгаштыруу, жатаканаларга акча каражатын бөлүүнү Дене тарбия жана спорт агенттиги колго алган.

«Жатаканалар үчүн акча каражаттары бекитилген, кымбат баалуу конок үйлөргө жайгаштыруу да болбойт. Жатакана үчүн 200 сомдон жогору төлөнбөйт. Ал эми ар бир спортчунун күнүмдүк тамактануусуна 109 сом, машыктыруучуларга 83 сомдон төлөнөт. Тамак-ашка бөлүнгөн каражат маселеси көп жолу көтөрүлдү», - деди А.Тагаев.

Ал белгилегендей, спартакиаданын катышуучуларынын жалпы саны 1920га жетти.

«Эки миңге чукул адамды батыруу деле кыйынга турат экен. Биздин облус төрт жыл мурун спартакиаданы өткөрүп, кезекти Талас облусуна берген. Аталган облустун спартакиаданы өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан иш-чараны өткөрүү боюнча июнь айында бизге буйрук келген. Бар мүмкүнчүлүккө таянып, аны өткөрүүгө аракет кылып жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Буга чейин окурмандар тарабынан Кочкор-Ата шаарында өтүп жаткан Республикалык 7-спартакиадага катышкан спортчулар үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүгү маалымдалган. Алар спортчулар жайгашкан жатаканада коңуздар жүргөндүгүн жана спортчулар полдо уктап, көчөдөн тамактанып жаткандыгын айтышкан.

Окурман «Репортерго» жөнөткөн сүрөттөр 

1

2

3

4

5

6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3209
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×