Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

100 миң сом пара талап кылган Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн башчысына карата козголгон ишти иликтөө уланууда

Turmush -  Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициясынын майору Ж.З. 100 миң сом талап кылгандыгы боюнча козголгон ишти тергөө иштери уланууда, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Мурдараак маалымдалгандай, аталган факты Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан ички иштер органдарынын паракорчулугу, же паракорчулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралары учурунда аныкталган.

Буга чейин аталган комитеттин басма сөз кызматы маалымдагандай, милициянын майору жергиликтүү Г.И. аттуу тургундан баңги зат менен кармалган күйөөсүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн 100 миң сом талап кылган.

Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милициянын майору 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси жана 313-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган Ж.З. Жалал-Абад ОИИБдин убактылуу камакка алуучу жайына киргизилип, иликтөө уланууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2157
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×