Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Айдоочулар Кочкор-Атанын аймагындагы Ош-Бишкек унаа жолунун бөлүгүн оңдоп берүүнү өтүнүүдө (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарындагы Ош-Бишкек унаа жолунун 50 метрдей жери оюлуп, жүргүнчүлөргө кыйынчылык жаратууда.

Айдоочулардын бири Эмилбек Өскөнбай уулунун айтымында, Кочкор-Ата шаарында жол жээгиндеги базардын жанында унаа тыгын көбөйүп, жол оюлуп кеткен.

«50 метрдей жол 2010-жылдан бери асфальттанбай турат. Жыл сайын жаз, күз мезгилинде жолдор оюлуп, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө кыйынчылык жаратып келет. Мэрия жолду өз көзөмөлүнө алып, оңдоп берсе жакшы болот эле», - деди Э.Өскөнбаев.

«Жаан-чачын учурунда жолго суу топтолуп, айланасындагы дүкөндөргө дагы залакасын тийгизүүдө», - деп кошумчалады ал.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3521
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×