Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 22.01.2016 08:25

Кызыл-Жар айылындагы психикалык оорукананын бейтабы Кочкор-Атадагы үй-бүлөнүн малын багууда (фото, видео)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар айылындагы психикалык оорукананын бейтабы Кочкор-Ата шаарындагы үй-бүлөнүн үйүндө иштеп жүрөт, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Алардын айтымында, бейтаптын аты М.Рита. Ал кичинекейинен бери психикалык оору менен жабыркайт. Кочкор-Атадагы бир үй-бүлөнүн үйүндө жашап, малын багып, үй иштери менен алек болуп жүрөт.

М.Рита Кызыл-Жар айылындагы психикалык оорукананын 5-бөлүмүндө дарыланчу. Анын оорусу жаз мезгилинде күчөгөндүктөн аны ооруканага алып келишет.

Жергиликтүү тургундарда «М.Рита оорукананын имаратынан тышкары жүргөндүгү канчалык мыйзамдуу?» деген суроо жаралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×