Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кочкор-Атада быйыл үч бала бакча курулуп бүтөт

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында быйыл балдардын муниципалдык типтеги үч бакчасы курулуп бүтөт. Бул тууралуу Ноокен районунун акиминин орун басары Нурийла Бекжигитова билдирди.

Анын айтымында, райондо алардан тышкары 41 бала бакча бар. Жыл сайын жеткинчектердин бала бакча менен камсыз болуусу жакшырууда.

«2014-жылы райондогу наристелерди бала бакча менен камсыздоо иши 19,4% болгон, ал эми 2015-жылы балдарды бакча менен камсыз кылуу 29,5%га жетти. Ал бакчаларда 3 миңден ашык бала тарбияланууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1077
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×