Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Ноокен райондук соту «Кыргызнефтегаздын» директорунун эки орун басары менен кызматкерин актады

Turmush -  Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын жетекчисинин эки орун басары жана газ сатуу бөлүмүнүн адиси Ноокен райондук соту тарабынан акталды.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган ишкананын эки орун басарына жана газ сатуу боюнча бөлүм башчысына карата Ноокен райондук соту тарабынан былтыркы жылдын 17-декабрында өкүм чыккан.

Кызматкерлер кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталышкан. Бирок, Ноокен райондук прокуратурасы облустук сотко апелляциялык сунуш келтирилип, иш облустук сотко өткөн.

Учурда иш облустук соттун кароосунда турат.

Белгилей кетсек, «Кыргызнефтегаз» ААКтын директорунун эки орун басары жана газ сатуу бөлүмүнүн адиси кылмышка шектелип, 2015-жылдын 7-апрелинде камакка алынган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кармалган жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кармалган жарандар мамлекетке 5 млн 420 миң сом зыян келтирген», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1572
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×