Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Атада «Кыргынефтегаз» ААКнын кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-мартта Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргынефтегаз» ААКнын кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Алар жумушчу орундардын кыскарышына жана тынымсыз текшерүүлөргө болгон наарызычылыктарын билдирүүдө.

Ошондой эле, ишкана өндүрүлгөн мазутту сатып өткөрүүдө кыйынчылыктарга кабылганын айтышууда.

Маалым болгондой, ишкана өндүргөн 20 миң тонна мазут сатылбай турат. Мазутту мамлекеттик ишканалар сатып алып турган. Бажы биримдигине киргенден бери мазут сырттан алынып келип, баасы да арзан болгондуктан, ишкана өндүргөн мазут өтпөй калган.

«Баасын арзандаталы десек мыйзам жол бербейт экен. Сырттан келген мазут арзан болгондуктан биздин мазут өтпөй калды. Мазут өтпөй калгандыктан кызматкерлерге да өз учурунда маяна берүү кыйындады. Мекеменин карызы да көбөйүп, айрым техникалары камакка алына баштаган», - деп билдиришти кызматкерлер.

Мекемедегилер өлкө башчысынан жана өкмөт башчыдан мазутту өткөрүүгө колдоо көрсөтүүнү суранышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2197
Көп окулду
×