Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 04.03.2016 16:30

Кочкор-Атада дааватка келип, өздөрүн «йакынчыларбыз» деп тааныштырган топ 5 күнгө камакка алынды

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарына 7-8 адамдан турган топ келип, өздөрүн «йакынчыларбыз» деп тааныштырды. Мындай маалыматты шаардык кеңештин депутаты Жолборс Токтосунов облус жетекчиси Жумагүл Эгембердиева баштаган өкүлчүлүктүн өкүлдөрү шаарга барган учурда билдирди.

Ж.Токтосуновдун айтымында, даават өтүү максатында келген «йакынчылардын» сакал, чачтары өсүп, кийимдери абдан жүдөө болгон. Көргөн элдер алардын жүдөө көрүнүштөрүнө нааразы болду.

Мындан улам шаардык кеңештин депутаты эч кандай уруксаты жок келген дааватчыларды көзөмөлгө алууну тартип сакчыларына сунуштады.

«Алар шаардагы участок конушундагы мечитке келишти. Биз алардан уруксат документтерин талап кылдык. Бирок казыяттан уруксат кагаздары жок экен. Ошондуктан алардын шаардан чыгып кетүүсүн талап кылдык. Анткени менен алар бизге кулак салбай, шаардагы мечиттерди кыдырып жүрүштү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен милиция кызматкерлери түшүндүрүүгө аракет жасап, уруксат кагазы жок даават өтүүгө болбостугун айтты. Өздөрүн «йакынчы» деп тааныштырган бул адамдар ага да болбой, өз аракеттерин улантып жатышты. Мыйзамга баш ийбегендиги үчүн сот тарабынан 2 жолу 500 сомдон айып салынганы менен аны да төлөшкөн жок. Акырында 5 суткага камакка алынды. Ушундай «дааватчыларды» көзөмөлгө алып, чара көрүүнү сунуштайм», - деди Ж.Токтосунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×