Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Ата милициясынын башчысы 100 миң сом пара талап кылгандыгы үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга кесилди (толугу менен)

Turmush -  Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 18-сентябрында саат 08:00дөр чамасында КР ИИМдин жана Жалал-Абад облустук ИИБдин кызматкерлери Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде тергөөдөгү кылмыш иштин чегинде Кочкор-Ата шаарында жайгашкан батирге келишип, турак жайына тинтүү жүргүзүшүп, бөлмөсүнөн ширенкенин кутучасындагы кара-күрөн түстөгү гашиш баңги зат каражатына окшогон зат таап алышкан. Алар турак жайдын ээлери А.Р. менен И.Г.ны эгерде алардын шартын аткарбаса кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартып, аларды убактылуу кармоо изоляторуна киргизүү менен коркутушуп, алардан 300 миң сом пара талап кылышкан.

«Закиров Жусупбек милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болуп иштеп, мурдатан Р.А.нын үй-бүлөсү менен жакын жана ишеничтүү алакада болгондуктан, батирдин ээси А.Р. КРнын ИИМдин жана Жалал-Абад облустук ИИБдин кызматкерлеринен көз каранды экендигинен пайдаланып, жеңил пайда табуу максатында аларга психикалык жактан кысым көрсөтүп, жардам берүү үчүн ишеничине кирген. Ал 2015-жылдын 18-сентябрынан 22-сентябрына чейинки аралыкта батирдин ээси И.Г. менен бир нече жолу жолугуп, аны менен бир нече жолу уюлдук телефон менен байланышып, анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн милиция кызматкерлери калган акчаны сурап жаткандыгын айтып, акча аларга ал аркылуу берилерин түшүндүргөн. 2015-жылдын 22-сентябрында саат 22:00дөр чамасында алардын үйүнө келип, үйдүн короосунда И.Г.дан алдоо жолу менен кызмат абалынан пайдаланып, 50 миң сом акча алгандан кийин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармасынын кызматкерлери тарабынан кармалып, анын чөнтөгүнөн И.Г. берген 50 миң сом акча алынып, тиешелүү процессуалдык документтер түзүлгөн», - деп айтылат маалыматта.

Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 3-февралындагы өкүмү менен Закиров Жусупбек Абдибайитович КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 3-пункту (Алдамчылык) менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Ж.Закировдун жосунунда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 17-мартындагы өкүмү менен Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 3-февралындагы өкүмү өзгөртүлүп, Ж.Закиров КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 1-бөлүмү (Шалаакылык) менен күнөөлүү деп табылып, ал берене боюнча эсептик көрсөткүчтүн 200 миң өлчөмүндө айыпка кириптер кылынган.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде биротоло мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, эсептик көрсөткүчтүн 200 миң өлчөмүндө айыпка кириптер кылынган.

Ушул жылдын 22-мартына саат 11:00гө карата 2-инстанциядагы соттун өкүмүнө даттануу түшкөн жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1523
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:12,   22.04.2018   ( 4 адам окуп жатат)
×