Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 14.04.2016 16:46

Ирландияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо үчүн Кочкор-Атада кикбоксинг боюнча турнир өттү

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында 7-10-апрель күндөрү Ирландияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка спортчуларды тандоо максатында кикбоксинг боюнча турнир өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаарынан турнирге 22 спортчу катышып, алардын ичинен 8 спортчу байгелүү орундарга ээ болушту. Турнирге 1998-жылдан 2005-жылга чейин төрөлгөн балдар катышты.

Тандоо турунда жеңишке жеткендер эми Токмок шаарында өтө турган кийинки чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Андан кийинки чемпионат Казакстанда 4-10-май күндөрү өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×