Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Атада 26 жаштагы жигит достору менен Ноокаттын тургунун өлтүрө сабашкан

Turmush -  Кочкор-Ата шаарынын 26 жаштагы тургуну адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалды.

ОИИБдин маалыматына караганда, ушул жылдын 5-июнунда саат 08:00дөр чамасында Кочкор-Ата шаарынын милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө шаардын көчөлөрүнүн бириндеги жолдун четинде жансыз дене жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Маалыматты териштирүү максатында Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ноокен РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жашы болжол менен 30-35 жаштардагы, азиат улутундагы жарандын жансыз денеси табылган.

Аталган факт боюнча табылган адамдын өздүгүн аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ал Ноокат районунун 30 жаштагы М.М. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Кылмыштын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын 26 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кармалган.

Аны суракка алуу учурунда шектүү өзүнүн жээни С.Д. жана Э.С. аттуу балдар менен каза болгон жаранды Кочкор-Ата шаарынын аялдамасында жолуктуруп, аны менен бирге спирт ичимдигин ичишкендигин жана алардын ортосунда чыр-чатак чыгып, жыйынтыгында жабырлануучуну уруп, тепкилеп жолдун бир четине таштап кетишкендигин айтып берген.

Учурда кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Ноокен райондук сотунун санкциясы менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жарандын шеригин издөө максатында ыкчам иликтөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1067
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:12,   22.04.2018   ( 3 адам окуп жатат)
×