Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Turmush -  Жалал-Абадда 11-августта саат 02:23 чамасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

УИАнын Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, Избаскан айылынан түштүккө карай 3 чакырымда, Бүргөндү айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырымда, Кочкор-Ата шаарынан батышты карай 15 чакырымда, Шамалды-Сай шаарынан түштүк чыгышты карай 25 чакырымда катталган.

Калкттуу пунктарда жер титирөөнүн очогу 3 баллды түзгөн. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1918
Көп окулду
×