Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Атада милициянын аймактык пункту менен ФАПтын курулушу башталды (фото)

Turmush -  Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарынын Руговая тилкесинде милициянын аймактык пункту менен ФАПтын курулушу башталды.

Иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Жоробеков, шаар мэри Кубанычбек Эгембердиев, Ноокен РИИБдин башчысы Нариман Өсөров катышып, капсула салышты.

ОИИБдин башчысы Ж.Жоробеков 8 миң калкы бар аймакта милициянын аймактык пунктун ачууга жергиликтүү бийлик колдоо көрсөткөнүн билдирди.

«Эки айдын ичинде курулуш бүтүп калат. Штат бирдигин чечүүнүн аракетин көрөбүз. Техникалык базаны чыңдоо жагын дагы колго алабыз», - деди ал.

Мэр К.Эгембердиев жергиликтүү бийликтин каражатынан 5 бөлмөлүү имарат курулуп жатканын, анда милициянын аймактык пункту менен ФАП жайгаша турганын белгиледи.

«Милициянын аймактык пункту менен ФАП бир имаратта турат. Бул өз жыйынтыгын берет. Калктын коопсуздугу сакталып, карыялар ооруканага барып, 2-3-кабатка чыгып кыйналбастан ушул жерден дары-дармектерин алышат», - деди шаар мэри.

Маалым болгондой, мэрия имаратты куруу үчүн 1 млн 900 миң сом бөлгөн. Курулуш иштери үчүн тендер жарыяланып, ага 3 фирма катышкан. Жыйынтыгында тендерди «Асуенда» ЖЧКсы утуп алган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1341
Көп окулду
×