Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 21.10.2016 11:05

Кочкор-Атада нефтичилер митингге чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-октябрда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаз» ААКтын кызматкерлери митингге чыгышты.

Митингге чыккан ААКтын кызматкерлеринин айтымында, алардын жетекчиси Жеңишбек Жумашевди бийлик өкүлдөрү кызматтан алууга аракет кылууда.

«Иштеп жаткан жетекчиге мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Жетекчи алмашат деген кептер боюнча бийлик өкүлдөрү ачык жооп беришсин», - дешти кызматкерлер.

Мындан тышкары, алар ишканадагы бургулоочу жабдыктар боюнча маселени козгошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×