Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Атада митингге чыккан нефтичилер ЖК депутатынын жетекчи болуп келишине нааразы

Turmush -  Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ААКтын жетекчиси Жеңиш Жумашевдин ордуна «Республика-Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Нышанов келе турганы айтылууда.

Мекеменин профсоюздар уюмунун төрагасы Акынбек Раимкуловдун айтымында, бүгүн митингге чыккан ААКтын кызматкерлери Н.Нышановдун келишине нааразы болууда.

«Кызматкерлер Ж.Жумашев өз арызын жаза турган болсо, ушул мекемеде иштеген гана кызматкерлер жетекчи болсун деген талап коюшууда», - деди А.Раимкулов.

Кочкор-Атада нефтичилер митингге чыгышты (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1821
Көп окулду
×