Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

«Кыргызнефтегаз» ААКты жасалма банкрот кылуу аракети болууда, - профсоюз башчысы А.Раимкулов

Turmush -  «Кыргызнефтегаз» ААКты жасалма банкрот кылуу аракети болууда. Мындай пикирди аталган ишкананын профсоюздар уюмунун төрагасы Раимкулов Акынбек 21-октябрда өткөн митингде билдирди.

Аталган мекемеден кабарлангандай, 21-октябрда «Кыргызнефтегаз» ишканасынын жалпы кызматкерлери митингге чыгышкан.

Чогулгандар 2010-жылдан тартып иштеп келе жаткан жетекчи Жеңиш Жумашовду кызматтан кетирүү аракеттерге каршы экендиктерин билдиришкен. Мындан тышкары, бир топ маселелерди көтөрүшкөн. Алардын арасында 2009-2010-жылдары сатылып алынган нефтини өндүрүүчү аппарат боюнча дагы маселе козголду.

«Жогорку Соттун «Кыргызнефтегаздын» эсебине чыгарылган чечиминин үстүнөн кайрадан сотко берилип жатышы сот системасындагы адилетсиздиктин дагы бир мисалы. Бургулоочу аппарат үчүн 11 млн доллар сурап жатышат. Биз андан жаңы аппаратты Кытайдан 3 млн 724 миң долларга алып келдик. Эгер биз экинчи тарап сурап жаткан сумманы төлөсөк биздин ишкананын экономикасы чыгымга учурайт», - дейт А.Раимкулов.

Митингге чыккандардын дээрлик 90%ы: «Жетекчилик алмашса ордуна өзүбүздүн кадрлар, чарбаны түшүнгөндөр келсин», - деген талапты коюшту.

Кочкор-Атада нефтичилер митингге чыгышты (фото)

Кочкор-Атада митингге чыккан нефтичилер ЖК депутатынын жетекчи болуп келишине нааразы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1905
Көп окулду
×