Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Атада үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалы, милициянын пункту ачылды (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарынын Руговая тилкесинде №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалы жана милициянын таяныч пункту ачылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Имараттын ачылышына Кочкор-Ата шаарынын мэри Кубанычбек Эгембердиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Шаар мэри жергиликтүү бийликтин каражатынан 5 бөлмөлүү имарат курулганын, бир имаратта милициянын аймактык пункту менен дарыгерлердин жайгашуусу оң натыйжа берерин белгиледи.

Маалым болгондой, мэрия имаратты куруу үчүн 1 млн 900 миң сом бөлгөн. Курулуш иштери үчүн тендер жарыяланып, ага 3 фирма катышкан. Жыйынтыгында тендерди «Асуенда» ЖЧКсы утуп алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2239
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×