Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Атанын борбордук базарында мыйзамсыз балык сатып жаткан 2 тургун кармалды (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында уруксат берүүчү документтери жок, мыйзамсыз түрдө балык сатып жаткан 2 тургун кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-декабрда Мамэкотехинспекциянын Майлуу-Суу жана Ноокен району боюнча бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан оперативдик рейд өткөрүлгөн. Анын алкагында Кочкор-Ата шаардык борбордук базарында Б.Р. аттуу жаран эч кандай уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз 306 даана сига, сазан, жылан балык, форель балыктарын сатып жаткан жеринен кармалган.

Материал Ноокен райондук сотуна өткөрүлгөн. Сот тарабынан Б.Р. күнөөлүү деп табылып, ага 5 миң сом айып салынган. Ал эми 306 даана балык мамлекеттин пайдасына конфискацияланды.

Мындан тышкары, ушул эле борбордук базардан М.А. аттуу жаран эч кандай уруксат берүүчү документтери жок, мыйзамсыз 25 даана жылан балыгын жана сазан балыктарын сатып жаткан жеринен кармалган. Материал Ноокен райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2001
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×