Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кочкор-Атада жаңы жыл түнү кайым айтышуудан улам 24 жаштагы тургунга ок атылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында кайым айтышуудан улам 24 жаштагы тургунга ок аткан 3 жаран кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 1-январда саат 00:30 чамасында болгон. Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүнүн алдында Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын 1993-жылы туулган тургуну Жумашов Темирбек «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү унаадагы белгисиз төрт адам менен уруша кеткен. Андан улам унаанын ичинен 30-35 жаштардагы адамдар түшүп, алардын бири Т.Жумашовдун бетине ок атып жиберген. Жабырлануучунун жанында турган Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын 1992-жылы туулган тургуну Азалиев Кыязбек да жараат алган.

Окуядан кийин Т.Жумашов бетине жана курсагына алган жараатынан улам Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жолдоштору тарабынан жеткирилген. Ал эми К.Азалиев башынан жеңил жараат алгандыктан ооруканага кайрылган эмес.

Окуя болгон жерге Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барып, асфальттын үстүнөн канга окшош тактар алынган.

Т.Жумашовдун, К.Азалиевдин алган жарааттарын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Аталган факт боюнча ыкчам иликтөө иштеринин негизинде «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү унаанын ээси аныкталган. Ал Кочкор-Ата шаарынын 1983-жылы туулган П.С. аттуу тургунуна таандык экендиги тастыкталган.

Ошондой эле, ыкчам иликтөө иштеринин негизинде изи сууй электе кылмыш ишине шектүү катары 3 адам кармалды. Алар Кочкор-Ата шаарынын 35-40 жаштардагы тургундары жана алардын бары буга чейин соттолгону белгилүү болду.

57

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3303
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×